Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү

ТалМУнун студенттик парламенти тарабынан “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү” жөнүндө иш-чаралар планына ылайык окуу жайдын ардагерлеринин үйлөрүнө барышып, кыш мезгилине даярданууга жардамдарын көрсөтүп жатышат. Алсак, студенттик парламенттин мүчөлөрү 10-октябрда университеттин ардагери, техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдырахманов Иманбек Асановичтин үй жумуштарына жардам беришип, короо-жайын иреттөөгө, кышка даярданууга кол кабыш кылышты. ТалМУнун студенттери тарабынан мындай демилгелүү иштер жыл сайын уюштурулуп келе жатат жана азыркы учурда да уланууда.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*