Төрөкул Жанузаковдун өмүр жолу жана ишмердүүлүгү” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

ТалМУда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн алкагында “Тарых бүктөмүндө калтырылган инсан: мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Жанузаковдун өмүр жолу жана ишмердүүлүгү” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Ы.Д.Кулушев, Талас шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Р.Рустамов, конференциянын демилгечиси, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү К.И.Качибеков, Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынын директору К.К.Момункулов, Төрөкул Жанузаков атындагы фонддун төрайымы жана анын жээни Б.Т.Тургунова, “Талас турмушу” гезитинин кабарчысы Т.К.Жакыпбеков, Төрөкул Жанузаковдун урпагы А.Ж.Субанкуловдор сөз сүйлөшүп, Төрөкул Жанузаковдун эмгектерин баса белгилешти. Тарых изилдөөчү окумуштуулар К.И.Качибеков, философия илимдеринин кандидаты, доцент Э.А.Үмөтов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, конференциянын уюштуруучусу М.М.Жусупова илимий макалаларын окушуп, Төрөкул Жанузаковдун өмүр жолу, мамлекеттик жана саясий ишмердүүлүгү, кыргыз эли үчүн жасаган эмгектерине кеңири токтолушту. Конференцияны ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору М.С.Тургунбаев алып барды. Резолюция кабыл алынып, конференциянын катышуучулары тарыхый инсандардын аты унутулбай, тарых барактарынан татыктуу орун алуу керектигин баса белгилешти.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*