Токтобеков Мадияр өзү таап алган тарыхый табылгасын тапшырды.

Талас мамлекеттик университетинин тарыхый-этнографиялык музей-кабинетине математика адистигинин 2-курсунун студенти Токтобеков Мадияр өзү таап алган тарыхый табылгасын тапшырды. Ал бул табылгасын 2008-жылы Козучак айылындагы Козучак кыштоосундагы Абдырахман байдын конушунан тапкан. Азыр ал жерде Козучак айылынын тургуну Тажыканов Токтобектин мал сарайы бар. Бул тарыхый табылга-жаргылчак болжол менен 19-20-кылымдарга таандык. Токтобеков Мадиярдын тарыхты баалап, оз табылгасын тарыхый музейге экспонат катары өткөрүп жатышы башкаларга да өрнөк болсо деген каалоолорун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти тарыхчы-окумуштуулар Ж.Абдиева, М.Жусупова жана Р.Конокбаев.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*