ТалМУнун эки студентине Түштүк Кореянын Койка агенттигинин стипендиясы тапшырылды

ТалМУнун эки студентине Түштүк Кореянын Койка агенттигинин стипендиясы тапшырылды. Окуудагы жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн “тарых” адистигинин студенти Н.Замиров менен “педагогика” адистигинин студенти Т.Аскарбековага аталган агенттиктин өкүлү Дикку Мин салтанаттуу тапшырды. Окуу жайдын ректору А.Ш.Упенов стипендия берүү мындан ары дагы улана берерин айтып, ал үчүн студенттер окууда жана коомдук иштерде ийгиликтерге жетишүүсү зарыл экенин белгилеп, башка студенттерге да мотивация түзөрүнө токтолду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*