ТалМУнун Туркиянын Кастамону университети менен кызматташуусу жаны баскычка көтөрүлдү

Бүгүн Туркиянын Кастамону делегациясынын Талас облусуна жасаган иш сапарында Талас мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен да жолугушуусу болуп өттү. Кастамону университетинин ректору, профессор Сейит Айдын жана ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору М.С.Тургунбаев атайын белектерди бири-бирине тапшырып жатышып, мындан ары эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын бекемделишине дагы бир кадам жасалганын баса белгилешти. Ошондой эле профессор Сейит Айдын ТалМУда эл аралык теология факультетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Андан кийин КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ш.Жаркыналиева, Кыргыз эл баатыры А.Алымкулов сөз сүйлөшүп, эки элдин ортосундагы достук жана кызматташтык алакалардын чындалып баратканын белгилеп өтүштү. Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.Т.Нуралиева тарабынан ТалМУ тууралуу презентация жасалып, өнөрпоздор концерттик программа тартуулашты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*