ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов табият таануу жана педагогика факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты менен жолукту

ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов табият таануу жана педагогика факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты менен жолукту. Бул жолугушууда ректор университеттин өнүгүү стратегиясы боюнча маалымат берип, ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Факультеттин окутуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берип, айтылган өрнөктүү сунуштар эске алынарын билдирди. Аталган факультеттин жамааты окуу жайда алгылыктуу иштер жасалып жатканын, бүгүнкүдөй ректорат менен жолугушуулар бат-баттан уюштурулуп турса көйгөйлүү маселелер жеринде чечилерин баса белгилешти.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*