ТалМУнун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнө (колледж) туура 10 жыл толуп отурат

ТалМУнун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнө (колледж) туура 10 жыл толуп отурат. Окуу жайдын мааракесине карата окутуучулар арасында спорттун шахмат, стол тенниси жана волейбол түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлдү. Спорттук оюндарды университеттин ректору А.Упенов салтанаттуу ачып, факультеттин декандары Ж.К.Абдиева, У.Ж.Мырзабекова, А.О.Курманалиева жана колледждин директору А.Ж.Ажибаева куттуктоо сөздөрүн айтышып, ийгиликтерди каалашты. Оюндардын жүрүшүндө өзгөчө волейбол оюну боюнча эжекелер жана агайлар арасында таймаштар өтө кызыктуу өттү. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар колледждин 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада тапшырыла турган болду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*