ТалМУнун бутуруучулорунун майрамдык кечеси болду

Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин 4-курстарынын бүтүрүү кечеси ТалМУнун башкы имаратынын жыйындар залында болду.  ТТПФнын деканы Мырзабекова У.Ж. бүтүрүүчүлөргө  жылуу сөздөрдү айтуу менен аларга ийгилик каалап майрамдык салтанатты ачып берди жана ТалМУнун окуу илимий иштер боюнча проректору М.Сыргабаевич , мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор С.Субанкулович бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашып, сабакта эң алдыңкы баага татыктуу болгон студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.

          Бул майрамдык кечени факультетибиздин таланттуу студенттери шаңга бөлөп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кеченин соңунда 4-курстардын бүтүрүүчүлөрүнө 2-3 курстардын атынан белектерди беришип, аларга ийгилик каалоо менен университеттен узатышты.

         

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *