ТалМУнун Ардактуу профессору наамы белгилүү манасчы Назаркул Сейдракмановго ыйгарылды

ТалМУнун Ардактуу профессору наамы белгилүү манасчы Назаркул Сейдракмановго ыйгарылды. 
И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору, “Манас – 1000” алтын медалынын, “Кылымдын Баатыры” коомдук алтын медалынын ээси, С.Каралаев жана С.Орозбаков атындагы сыйлыктардын лауреаты, “Манас” эпосунун өзүнчө вариантын толук айткан манасчы Сейдракманов Назаркул Эшенкуловичке Талас мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Наамды ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов салтанаттуу тапшырып жатып, Назаркул Сейдракмановдун кыргыз маданиятына кошкон салымына токтолуп, ага чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*