ТалМУда 23-февраль Мекенди коргоочулар күнү салтанаттуу белгиленди

ТалМУда 23-февраль Мекенди коргоочулар күнү салтанаттуу белгиленди. Бул майрамдын белгиленип калышы жөнүндө атайын ТалМУнун телестудиясы тарабынан даярдалган видеотасма көрсөтүлүп, окуу жайдын акын эжекелери тарабынан жазылган ырлар авторлор тарабынан көркөм окулуп, аскерде кызмат өтөшкөн агайлардын солдаттык сүрөттөрү боюнча даярдалган футаж-слайддар көрсөтүлдү. Андан соң ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөз айтып, ишинде ийгилик жараткан агайларга, окуу жана коомдук иштердеги алдынкы көрсөткүчтөргө жетишкен студент-жигиттерге ардак грамоталарды салтанаттуу тапшырды. Окуу жайдын кесиптик кошунунун торагасы Э.А.Абдырайымов куттук сөз айтып, окуу жайдын алдынкы агайлары менен кызматкерлерине ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктарды тапшырды. Атайын даярдалган концерттик программа жана майрамдык тамаша-күлкүлүү номерлер коюлуп, ТалМУнун сыймыктуу агайлары менен жигердүү студент-жигиттерине майрамдык маанай-шат тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*