ТалМУда “Талас Quiz” акыл таймашынын 1-турун өткөрүштү

ТалМУда “Ыйык Ата Журт Талас” коомдук фонду менен ТалМУнун студпарламенти биргелешип студенттер арасында “Талас Quiz” акыл таймашынын 1-турун өткөрүштү. Оюнга 5 команда катышып, Ч.Айтматов, “Манас”, Кыргызстан тарыхы, Япон керемети, саундтрек, макал, маданият, спорт категориялары боюнча билимдерин сынап көрүштү. Таймаштын жыйынтыгында 138 упай менен гуманитардык факультеттин “Келечек жаштары” командасы 1-орунду жеңип алса, 126 упай менен колледждин “Биримдик” командасы 2-орунга татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө “Ыйык Ата Журт Талас” коомдук жаштар фонду тарабынан китептер белекке берилди.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*