ТалМУда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган “Мамлекеттин келечеги – мамлекеттик тилинде” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү

ТалМУда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган “Мамлекеттин келечеги – мамлекеттик тилинде” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференция А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы менен биргеликте уюштурулган. Алгач университеттин ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөзүн айтып, мамлекеттик тилдин билим берүү системасындагы ордун баса белгиледи. Ошондой эле КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын башкы адиси А.И.Супатаева, Кыргыз Эл мугалими Б.Исаков, А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын жетекчиси Т.С.Жаркыналиева, белгилүү коомдук ишмер А.Темиралиев куттуктоо сөздөрүн айтышты. Өздөрүнүн илимий баяндамалары менен п.и.к., профессор Т.А.Асанакунов, ф.и.к., доцент К.Т.Жунусалиева, ф.и.к., доцент А.У.Акынбекова, ф.и.к., доцент Т.К.Айталиевалар чыгышып, мамлекеттик тилдин орчундуу маселелери боюнча өз ойлорун ортого салышты. Талкуу учурунда сунуш-пикирлер айтылып, резолюция кабыл алынды. Конференциянын экинчи бөлүгүндө катышуучулар үчүн атайын даярдалган концерттик программа тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*