ТалМУда Көзөмөлчүлүк кеңешинин 1-отуруму болду

ТалМУнун (Талас мамлекеттик университети) Көзөмөлчүлүк кеңешинин 1-отуруму болду. Отурумда Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү кеңештин төрагалыгына академик Алтай Асылканович Бөрүбаевди, катчылыгына Мира Асанбековна Берембаеваны бир добуштан шайлашты. Отурумда университеттин миссиясын, стратегиясын ТалМУнун ректору Айбек Шерипбекович Упенов тааныштырып, окуу жайдагы билим берүү, илим изилдөө, сырткы байланыштар, тарбиялык иштер туурасында маалымат берип өттү. Андан кийин Көзөмөлчүлүк кеңеши кеңештин жобосун, иш планын талкуулашып, кезектеги отурумдун мөөнөтүн белгилешти. Окуу жай менен таанышышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*