“САБАТТУУ бол” акциясы өткөрүлдү

ТалМУда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан республикалык масштабда демилгеленген “Сабаттуу бол” акциясы өткөрүлдү. Жат жазуу жазганга университеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамааты, окуу жайдын администрациясы, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышты. Жыйынтыгы 23-майга чейин чыгарылып, эң жакшы жазган акциянын катышуучуларына сыйлыктар ыйгарылмакчы.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*