ТалМУда илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

ТалМУда Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “Аймактарды жана санариптик технологияларды өнүктүрүүдө бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүнүн илимий- теориялык негиздери” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференциянын пленардык бөлүгүнө КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Б.Осмонбеков өз баяндамасы менен чыгып, облуста аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолду. Ошондой эле кийинки пленардык баяндамаларда фасолду жыйноочу техниканын эксперименталдык модели, аны иштетүү, дарылоо ж.б. боюнча мобилдик тиркеме түзүү, топуракты анализдөөчү лабораторияны ачуунун илимий-практикалык негиздемеси жөнүндө маселелер баяндалды. Секциялык иштерде 60дан ашуун илимий макалалар баяндалып, талкуудан өттү. Мыкты деп табылган макалалардын авторлоруна грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жылдан жылга илимий макалалардын практикалык баалуулугу артып баратканын ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов баса белгиледи. Соңунда резолюция кабыл алынды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*