Талас шаардык мэриясы тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата шаардагы мекеме-уюмдардын арасында өткөрүлгөн спартакиадада ТалМУнун эжекелер командасы байгелүү орундарга ээ болду

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата шаардагы мекеме-уюмдардын арасында Талас шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлгөн спартакиадада ТалМУнун эжекелер командасы байгелүү орундарга ээ болду. Атап айтканда, мылтык атуу боюнча Калманова Бүбүсара 1-орунга, Тогуз коргоол боюнча Жайылган кызы Мээрим 2-орунга, Кол күрөш боюнча Бакеева Минара 3-орунга ээ болушса, Аркан тартыш боюнча 3-орунду жеңип алууга балбан-эжекелерибиз: Жунусалиева Кундуз, Раева Чынара, Арыкбаева Элиза, Бабаназарова Сырга, Козубекова Загира, Курманбаева Гүлзат, Бакеева Минара зор салым кошушту. Жыйынтыгында мэриянын атайын дипломдору менен акчалай сыйлыктары ыйгарылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*