Студенттик конференция

Урматтуу студенттер!

Сиздерди Талас мамлекеттик университетинин 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына”  карата өткөрүлө турган

«АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ»

аттуу 16-студенттик илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз.

Конференция 2019-жылдын 26-апрелинде төмөнкү даректе өткөрүлөт: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25,

Талас мамлекеттик университети (ТалМУ)

Ар бир кафедра төмөнкү форма боюнча катышуучулардын тизмесин 2019-жылдын 1-апрель айынан кечиктирбей уюштуруу тобунун ilim.talsu2017@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.                                  

Ф.А.А. Группа Макаланын темасы Макаланын багыты Жетекчинин Ф.А.А.
           
           

Конференциянын негизги багыттары:

  1. Тарыхый илимдер;
  2. Педагогикалык илимдер;
  3. Физика-математикалык илимдер;
  4. Табигый-экологиялык илимдер;
  5. Филологиялык илимдер;
  6. Социалдык-экономикалык илимдер;
  7. Техника илимдери.

Пленардык отурумда баяндалган жана секция отурумунда 1,2,3-орунду алган макалалар студенттердин илимий иштеринин жыйнагына киргизилет.

Студенттердин илимий эмгектери төмөнкү критерийлер менен 5 баллдык системада бааланат:

  • Адистик багыт боюнча актуалдуулугу
  • Илимий изилдөөчүлүк деңгээли
  • Практикалык баалуулугу
  • Студенттин кошкон салымы
  • Заманбап маалымат технологияларын колдонуу деңгээли

Уюштуруу тобунун дареги:724200, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25. ilim.talsu2017@gmail.com

996-(3422) 5 43 37, 0709 04 66 28

996-(3422) 5 37 18, 0701 17 77 34

Урматтоо менен, конференциянын уюштуруу тобу

Прокрутить вверх