Спорт – дени сак сергек жашоонун булагы

15-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде Студенттердин эл аралык күнүнө карата волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты:
-Факультеттер ортосундагы достук мамилени күчөтүү;
-Студенттерди дени сак жашоого үндөө;
– Аталган оюндун түрү боюнча ТалМУнун курама командасына тандоо.
Мелдешке ТЭФ, ТТПФ, ГФ жана ОКБББнын курама командалары катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн (ОКБББ – колледж) балдар жана кыздар командалары жеңип алышты. 2-орунга табият таануу жана педагогика факультетинин балдары менен кыздар командалары, 3-орунга гуманитардык факультеттин балдар жана кыздар командалары татыктуу болушту. Ал эми технология-экономикалык факультетин балдары, кыздары 4-орунду алышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө, оюндун активдүү катышуучуларына ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов тарабынан куттуктоо сөз айтылып, ушундай кызык оюнду уюштуруп берген дене кафедрасына ыраазычыгын билдирип, акчалай сыйлыктар менен грамоталарын тапшырды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*