Семинар

Талас мамлекеттик университетинде Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери үчүн “Жаштарды граждандык активдүүлүккө чакыруу” багытында семинар болуп өттү.

Семинарда кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттерине “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча окутуучулардын ассоциациясы” коомдук бирикмеси жана Талас мамлекеттик университетиндеги коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча Ресурстук борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдоо болду. Окутуучулар жана студенттер үчүн “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык эмес уюмдарды изилдөөгө киришүү” окуу китебинин бет ачары болуп, окуу куралы колдонууга сунушталды.

Коммерциялык эмес уюмдар, алардын коомдогу орду жана мааниси жөнүндө Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу жана Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча ТалМунун Ресурстук борборунда 5 багытта уюштурулган тренингдердин активдүү катышуучусу Назира Орозумбетова баяндады.

Семинардын катышуучулары үчүн волонтердук иш жана жарандык активдүүлүк жөнүндө “Талас облустук жаштар Совети” коомдук бирикмесинин лидери Бектур Медеров кенири маалымдап, студенттерди ыктыярдуулукка чакырып, коомдук маселелерди коммерциялык эмес уюмдар аркылуу чечүүнүн жолдору тууралуу кенири маалымат берди.

Ошондой эле “Талас демилгеси” коомдук фондунун директору Замир Койчуманов Startup жана бизнес жөнүндө өз ойлору менен бөлүштү.

КОБББдүн студенттери семинарда каралган маселелерди кызыгуу менен талкууга алышты жана Талас жергесиндеги жаштардын жарандык кыймылына активдүү катышуу керектигин белгилешти

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*