Сармерден – 2019

ТалМУда Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Нооруз майрамын утурлай кыз-жигиттердин “Сармерден – 2019” салттуу оюну болуп өттү. Мында университеттин студенттеринин арасынан өнөрлүү жигиттер менен кыздар ат салышып, акындык айтыш, “Манас” айтуу, элдик ыр аткаруу, макал айтуу, табышмак табуу, жанылмач айтуу, элдик аспаптарда ойноо, обондуу ырларды аткаруу, улуттук бийлерди бийлоо өнөрлөрү боюнча таймаш жүрдү. Жыйынтыгында кыздар тобу алдыга озуп чыгып, ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов тарабынан 2000 сом жана атайын диплом менен сыйланса, жигиттер тобу активдүү катышкандыгы үчүн 1500 сом жана диплом менен сыйланды. Ошондой эле ар бир өнөр боюнча чебер аткаруучуларга ТалМУнун мактоо баракчалары тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*