Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаева ТалМУга келди

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаева Талас шаарында өткөрүлүп жаткан балдардын искусство фестивалынын алкагында ТалМУга келди. Облустук билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, ата-энелер, университеттин окутуучуларына кеңири кызыктуу баян куруп, өлкөнү санариптештирүү жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча омоктуу ойлору менен тең бөлүштү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун торайымынын орун басары Догдургул Кендирбаева санариптик технология боюнча мазмундуу презентация жасады. Семинардын кийинки бөлүгү фестивалдын алкагындагы иш-чаралар менен улантылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*