Орто Азиянын жогорку окуу жайларында ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоорлордун бири – MIND проектисинин жыйынтыктоочу семинар-митингине ТалМУдан эки жооптуу кызматкер жана бир студент барып катышып келишти

Орто Азиянын жогорку окуу жайларында ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоорлордун бири – MIND проектисинин жыйынтыктоочу семинар-митингине ТалМУдан эки жооптуу кызматкер жана бир студент барып катышып келишти. Семинар-митинг Самарканд шаарында уюштурулуп, ага Испания, Италия, Португалия, Словакия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 14 жогорку окуу жайларынын координаторлору, жооптуу кызматкерлери менен студенттери катышты. Аталган долбоордун негизинде жаштар өз борборлорун ачышып, бизнес-моделдерди түзүшүп, микро бизнес-проектилерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*