Масленица

ТалМУнун гуманитардык факультетинде орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан славян элдеринде белгиленип келген масленица майрамына арналган иш-чара өткөрүлдү. Ал үчүн майрамдык көрүнүштөр сахналаштырылып, анын келип чыгышы жана майрамдын негизги атрибуттары тууралуу кеңири маалыматтар берилип, ага тиешелүү оюн-зооктор ойнолуп, ырым-жырымдар көрсөтүлүп, ыр-бийлер аткарылды. Ошондой эле масленица майрамында даярдалган тамак-аштардын көргөзмөсү өтүп, көрүүчүлөр даамдардан ооз тийишти. Майрамга катышкан окутуучулар, студенттер аталган майрамга аралашып көрүп, орус элинин маданиятынын бир көрүнүшү менен жакындан тааныша алышты. Мындай иш-чаралар аркылуу да тиешелүү адистиктерде кырдаалдык маанай түзүлүп, компетенттүү билим берүүгө өбөлгө болорун окуу жана илимий иштер боюнча проректор М.С.Тургунбаев белгилеп өтсө, кыргыз-орус алакаларынын алкагында орус элинин маданиятын студенттерге жакындан таанытууга мүмкүнчүлүк берерин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев белгиледи. Иш-чараны уюштурууга салым кошкон кафедра башчысы Г.А.Душеевага, ага окутуучулар А.Итикулова менен К.Акматовага жана орус тили жана адабияты адистигинин студенттерине гуманитардык факультеттин деканы Ж.К.Абдиева ыраазычылыгын билдирди.

1 Comment

  1. Гулбара Азрановна жетектеген орус тили жана адабияты кафедрасына чыгармачылык ийгилик каалайм.Азаматсыздар.

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*