Күзгү бал

Бүгүн 4-ноябрда ТалМУда “Күзгү бал” аттуу студенттердин кароо-сынагы болуп өттү. Кароо-сынакка 4 структуралык бөлүмдөрдүн студенттер командасы катышты. Кароо-сынактын шарты боюнча күзгү поэзия, обондуу ырлардан күзгү кайрыктар, күлкү-тамаша, бий жана кийимдер көргөзмөсү боюнча таймаш жүрдү. Жыйынтыгында табият таануу жана педагогика факультети 1-орунга, гуманитардык факультет менен технология-экономикалык факультети 2-орунга, кесиптик орто билим берүү бөлүмү 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*