Кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү

2018-жылдын 24-апрелинде Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү. Кечеге  Жусуп Мамайдын  чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы уулу чакырылып, окутуучуларга, студенттерге жана чакырылган конокторго кызыктуу маек куруп берди. Сөз арасында ТалМУнун ректору А.Ш.Упеновго, мамлекеттик тил боюнча проректор С.С.Жумалиевге жана иш чараны уюштуруп жаткан тарыхчы-окумуштуу Моймол Жусуповага терен ыраазычылык билдирди.
Андан соң чоң атасы Жусуп Мамайдын өмүр жолу жана манас айтуучулук өнөрү жөнүндө кеңири баяндады. Ошондой эле  жаны жарыкка чыккан “Жусуп бабамдан баян” аттуу китебинин мазмунун кыскача баяндап, залдагы студенттердин суроосу боюнча манас айтып берди. Кеченин соңунда кыргыз бийи боюнча мастер класс уюштуруп, студенттер активдүү катышышты. Кече абдан кызыктуу өттү.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*