Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу

6-февраль күнү ТалМУнун жыйын залында “коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу” аттуу темада атайын жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга ТалМУнун  профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлери толук катышты. Университеттин ректору А.Ш.Упенов окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүрүп жатканын, жогорку окуу жайынын адистиктерин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү процесси башталганын жана бул багытта төрт профилдеги адистиктер эл аралык EDNET агенттигинен аккредитациядан өткөндүгүн баса белгиледи. Азыркы мезгилде бардык окуу корпустарына видео көзөмөлдөөчү жабдыктар орнотулуп, катардагы модуль-экзамендерден тартып мамлекеттик сынактарга чейин видео көзөмөлгө алынып, коррупцияга каршы аракетти күчөтүү максатында атайын семинар, кураторлук сааттар өткөрүлүп, бул максатта коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, кыскартуу, жоюу багытында деталдык план түзүлүп, ага ылайык иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтып өттү. Андан кийин Талас облустук прокуратурасынын улук прокурору У.К.Нурбеков коррупция жана ага каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар, мыйзамдар боюнча маалымат берип,   коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү керек экендигин баса белгилеп өттү. Окуу жайда коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар, фактылар билинсе, облустук прокуратурага кайрылуу керектигин, кайрылган кишинин аты-жөнү жашыруун сыр бойдон сакталарын жана коррупциялык кылмыш менен кармалган адам КРнын Жаза кодексинин тиешелүү беренесине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Андыктан коррупцияны алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү керектигин жана бул жаатта аракеттерди натыйжалуу кылуу үчүн тиешелүү күч органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруунун зарылдыгын белгиледи.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*