Кореяга жумушка орношууда уруксат системасы жөнүндө маалымат

Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында 9-февраль күнү Корея Республикасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, эмгек жана миграция министрлиги Кореянын адам ресурсун өнүктүрүүнү тейлөө бөлүмүнүн директору менен жолугушуу жыйыны өттү.
Жыйынга ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, профессордук-окутуучулар жааматы, Талас шаарындагы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, студенттер катышты.
Жолугушууда жыйынга катышкан иш берүүчүлөр студенттерге Кореяда жумушка орношуунун шарттары, талаптары, окуу жөнүндө кеңири маалымат беришип, иш берүүчү тарабынан жумушка кабыл алына тургандыктары айтылды.
Жыйын студенттер менен иш берүүчүнүн ортосунда байланышты күчөтүп тиешелүү маалыматтарды студенттерге жеткирүү максатында уюштурулду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*