Колледжде педагогикалык кеңеш өттү

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө (колледж)  2-жарым жылдыктагы семестрдин башталышы менен 16-февралда  педагогикалык кеңештин кеңейтилген отуруму болуп өттү. Педкеңеште   камкордук кеңешинин жана студенттик парламенттин  мүчөлөрүнүн катышуусунда КОБББнын окутуучулары жамааттык келишимди талкуулап, бекитишти.

Колледждин директору Шамуратов Калыбек Тазырбекович окутуучулардын назарын колледждин миссиясына жана окуу жайдын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарына буруп, ага толуктоо, сунуш-пикирлерди киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле КОБББда билим берүүнүн сапатын текшерүү, көзөмөлдөө жана көтөрүү боюнча топтор ар бир адистикке түзүлүп, ага директордун окуу иштери боюнча орун басары  М.С.Джумабеков, секция башчылары жана ар бир адистиктин предметтик окутуучулары жооптуу болуп дайындалышканын К.Т.Шамуратов  белгиледи.

Ушул эле педагогикалык кенеште колледждин башкы бухгалтери  Н.Д. Жаныбекова күн тартибинде коюлган 2016-жыл үчүн финансылык отчетун берди.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*