Кел Нооруз, теңчиликтин майрамы

ТалМУнун профессордук-окутуучулар курамынын “Кел Нооруз, теңчиликтин майрамы!” аттуу Ноорузга арналган майрамдык иш-чарасы кесиптик орто окуу бөлүмүндө өткөрүлдү. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов окуу жайдын жалпы жамаатын майрамы менен куттуктап, анын маанисин баса белгилеп өттү. Нооруз майрамында Умай Эне арчасын түтөтүп ысырыктап, Кыдыр Ата ак батасын берип, Баба Дыйкан үрөнүн сепкен көрүнүштөр аткарылды. Майрамга арналган ыр-бийлер аткарылып, кичинекей наристенин тушоосу кесилип, агайлар ордо оюнун ойношуп, жаа атышса, эжекелер кочо кожосун жасашып, дасторкондорун даярдашты. Ошондой эле ар бир структуралык болүм улуттук тамак-аш, кийим жана ыр онору боюнча сынактарга активдүү катышышып, профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Нооруз майрамын белгилөөнү жогорку деңгээлде уюштурган кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн директору К.Т.Шамуратовго жана аты аталган бөлүмдүн жалпы жамаатына катышуучулар тарабынан ыраазычылыктар билдирилди.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*