Жыйынтыктоочу конференция

ТалМУнун табият таануу жана педагогика факультетинде 2017-жылдын 29-мартында педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Конференцияга Талас шаарынын орто мектептеринин жетекчилери, мугалимдери, ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору М.С.Тургунбаев жана окутуучулар катышты.
Бул жыйынтыктоочу конференцияга атайын критерийлер иштелип чыгып, анын негизинде ар бир адистиктин студенттери катышып, сабактын фрагментин көрсөтүп, педагогикалык кырдаалга жооп берүү менен практика учурундагы изденүүчүлүк өзгөчөлүгүн презентациялашты. Мындан сырткары ар бир адистик видео сабактарын көрсөтүштү. Практика учурунда өздөрүн активдүү көрсөткөн 4-курстун студенттери Разакул кызы Ш., Талхатова Ж., Мамытова Б., Узөнбек кызы А. ээ болушту. Ал эми мыкты усулчу методисттер: табият таануу кафедрасынын окутуучулары Ж.Н.Молдалиева жана Д.М.Бейшеналиева мектептин администрациясы тарабынан мактоо грамоталары жана аталган факультеттин грамоталары менен сыйланышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*