“Дени сак аял – дени сак улут”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын демилгеси менен Талас шаарынын 75 жылдыгына карата “Дени сак аял – дени сак улут” аттуу жогорку жана кесиптик орто окуу жайлары аралык аялдар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдештин ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева аялдардын коомдогу ролуна токтолуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө, үй-бүлөнүн бекем болушуна кошуп жаткан салымдарын баса белгиледи. КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ш.Жаркыналиева, шаарынын мэри А.Ж.Джузупбеков, ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, Талас медициналык колледжинин директору Г.А.Байызова, ИСИТОнун директору Д.Д.Куттубаева, Талас агро-экономикалык колледжинин директорунун орун басары Б.Алымкулов катышышты. Оюндун жыйынтыгында ТалМУнун эжекелер командасы 1-орунду, Талас агро-экономикалык колледждин эжекелер командасы 2-орунду жана ИСИТО колледжинин командасы 3-орунду жеңип алышып, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле 1,2,3-орундарга ээ болгон команда мүчөлөрүнө дипломдор, мыкты чабуулчу, коргоочу, оюнчу жана ардагер оюнчуларга акчалай сыйлыктар менен атайын дипломдор тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*