Дене тарбия кафедрасы

Чекиров Козубек Абдыкулович

ага окутуучу, дене тарбия жана спорттун мыктысы

 

 

 

Дене тарбия кафедрасы 1998-жылы ачылган. Алгач кафедраны тарых илимдеринин кандидаты Э.Черикбаев, андан кийин педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Мукамбетов жетектеди. Азыркы учурда кафедраны ага окутуучу К.А.Чекиров жетектеп келет. Кафедрада 5 окутуучу жана 1 методист эмгектенет. Анын ичинен 2 окутуучу дене тарбия жана спорттун мыктысы ж.б.

ТалМУда өткөрүлгөн спорттук бардык иш-чаралар дене тарбия кафедрасынын күчү менен уюштурулат. Алсак, 2015-2016-окуу жылында тарых жана маданият жылынын алкагында көптөгөн спорттук иш-чаралар уюштурулду. Алардын негизгилерин санап көрсөтсөк төмөнкүлөр:

  • 16-сентябрда ТалМУнун студенттери арасында жалпы байге фонду 50000 сомду түзгөн ири спартакиада өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды;
  • 7-ноябрда мугалимдер күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш, 25-ноябрь күнү ТалМУнун студенттеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү;
  • 10-декабрда ТалМУда Талас шаарындагы окуу жайлар арасында кол күрөшү боюнча (армрестлинг) мелдеш өткөрүлдү;
  • Мекенди коргоочулардын күнүнө карата профсоюз уюуму менен биргеликте бильярд оюну боюнча турнир өткөрүлдү;
  • жыл сайын 4,5-мартта өтүп туруучу Талас шаардык спартакиадасында ТалМУнун аялдар курама командасы активдүү катышып, 10-жолу командалык эсепте 1-орунду жеңип алышты;
  • 15-апрелде ТалМУнун студенттеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү;
  • ЖОЖдор арасындагы республикалык универсиадада ТалМУнун студенттери 1-лигада стол тенниси боюнча байгелүү 1-орун, шахмат жана тогуз коргоол боюнча 1 жана 2-орундарды жеңип алышты ж.б.

Эми мындай иш-чараларды санай берсек бир топко чейин барат. Мындан тышкары факультеттин жана кафедранын деңгээлинде да спорттук оюндар, мелдештер өткөрүлүп турат. Булардын бардыгы студенттерибиздин дени сак, чыйрак жана сергек жашоосу үчүн үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Анткени дени сак улуттун келечеги да кең болот эмеспи.