Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

ЮНЕСКО уюму тарабынан 21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” катары белгилөө кабыл алынган. Анткени жер шарындагы майда улуттардын тилдери жок болуп кетүү коркунучуна кабылууда. Маалыматтарга караганда алты миң тилдин эки миңи анын ичинен эки жүздөй тил жоголуу коркунучуна кабылган, себеби өз эне тилинде сүйлөгөндөр онго жетпеген санда гана калган. Андыктан кыргыз тилинин кадыр баркын, баасын жаштарга кеңири жеткирүү максатында шаардык деңгээлде “Келгиле, кыргызча таза сүйлөшөлү” деген акция уюштурулду. Акцияда эне тил тууралуу баяндамалар окулуп маданий программалар коюлду.

Бул иш-чарага Талас мамлекеттик университетинен, Талас айыл-чарба колледжинен, Талас медициналык колледжинен жүздөн студент катышышты. Кыргыз бийине флэшмоб уюштурулду.

Прокрутить вверх