Брейн-ринг

ТалМУда студенттердин брейн-ринг интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Оюндун максаты Кыргызстандын тарыхы, маданияты, руханий баалуулуктары, жаратылышы менен табиятын даңазалоо, интеллектуалдык билимдерин кеңейтүү болуп саналат. Брейн-ринг 8 категория боюнча жүрүп, ар бир суроого 1 минутадан убакыт берилип, командалар жоопторун жазуу түрүндө беришип, калыстар жооптордун жыйынтыгын баллдык система менен баалап турушту. Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгында “Айкөл” тобу 1-орун, “Мурас” тобу 2-орун жана “Келечек” тобу 3-орунга ээ болушту. Жеңишке жетишкен “Айкөл” тобу өтмө кубок жана 1-даражадагы диплом менен сыйланса, калган командаларга атайын дипломдор ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов тарабынан тапшырылды. Ошондой эле оюнду уюштурууга чоң салым кошкон т.и.к., доцент А.Усубалиевага, студенттер Арстаналы уулу Бекназар менен Х.Өмүрзаковго, калыстарга жана командалардын жетекчилерине сертификаттар тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*