Бош орундар жарманкеси – 2019

ТалМУда “Бош орундар жарманкеси – 2019” болуп, ага Талас облусундагы билим берүү, саламаттык сактоо, банк, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана университеттин бүтүрүүчүлөрү катышты. Алгач ТалМУ жөнүндө маалыматты окуу-илимий иштер боюнча проректор М.С.Тургунбаев кабарлап, промо-ролик көрсөтүлүп, Талас билим берүү усулдук борбордун директору Т.К.Тилекматов, Талас шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Д.Т.Рысалиева сөз сүйлөшүп, ишке орношуу, калкты жана жаштарды иш менен камсыздоо боюнча К.Т.Аманова, ТОЖК коомдук бирикмесинин жетекчиси Б.Т.Медетов презентация жасашты. Иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда диалог жүрүп, бүтүрүүчүлөргө иш орундары сунушталып, макулдашылды. Жарманке окуу бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*