БАЛДАН ШИРИН БАЛАЛЫК!


1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ТалМУнун профессордук-окутуучулары менен кызматкерлеринин балдары үчүн атайын арналган “Балдан ширин балалык!” аттуу майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү. Төрт жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан балдардын бул майрамдык кечеси университеттин кесиптик кошууну менен биргеликте уюштурулуп, ыр, бий, кызыктуу оюндар менен коштолду. Майрамга келген балдардын бардыгына балмуздак таркатылып, белектер берилип, университеттин алды жаш жеткинчек балдардын сүйүнүч-күлкүсүнө оронду.
Эх! Балдан ширин балалык!

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*