Ачык эшиктер күнү

16-февраль күнү Талас мамлекеттик  университетинде 2018-2019-окуу  жылына  карата мектеп окуучулары үчүн  “Ачык  эшиктер күнү” өткөрүлдү. Ага Талас районунун жана Талас шаардык орто мектептердин 9-11-класстарынын бүтүрүчүлөрү  катышты.  ТалМУнун  ректору А.Ш Упенов  Талас мамлекеттик университетиндеги “Ачык эшиктер күнүнө” активдүү катышып жатышкандыктары үчүн мектеп бүтүрүүчулөрүнө ыраазычылыгын билдирип,  азыркы заманга жараша университетте жүргүзүлүп жаткан реформалар, окуу процессинин европалык системага ылайык уюштурулушу, матералдык-техникалык базасы, студенттердин сырткы жана ички моблидүүлүгү, долбоорлор, эл аралык байланыштар туурасында кыскача токтолду. Азыркы мезгилде бүтүрүүчүлөргө ТалМУдан билимин улантууга чоң мүнкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди. Мындан тышкары окуу жана илимий иштер боюнча проректор М.С.Тургунбаев, гуманитардык факультеттин деканы Ж.Абдиева, табият таануу жана педагогика факультетинин деканы У.Мырзабекова, технология-экономика факультетинин ага окутуучусу Ж.Өмүрканова, кесиптик орто окуу жайдын директору К.Шамуратов тиешелүү адистиктери боюнча кыскача презентацияларды жасашты. Ал эми окуу жайдагы илимий долбоорлордун негизинде чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан билим алып, стажировкадан өтүп келишкен студенттер өздөрүнүн кызыктуу студенттик күндөрүнөн кыскача баяндамаларды жасашты. Андан соң ТалМУнун таланттуу студенттери тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн даярдалган концерттик программа тартууланды.

   

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*