Ачык лекциялык курстар

ЖАРЫЯ

Урматтуу кесиптештер, “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Талас мамлекеттик университетинде 31-мартта шаардык деңгээлде кыргыз элинин руханий жана адеп, ыйман баалуулуктарын коомчулукка кеңири жайылтуу, даңазалоо максатында “Ыймандуулуктун генезиси”, “Адам коомундагы жана диндеги ыймандуулук маселелери”, “Адептүүлүк жактан тазалык” деген темалардагы ачык лекциялык курстар болот.

Лекцияларды республикага белгилүү окумуштуулар: “ТалМУнун Ардактуу ардагери”, ТалМУнун ардактуу профессору, п.и.к., этнопедагог К.К.Кыдыралиев жана “ТалМУнун Ардактуу ардагери”, философия илимдеринин кандидаты, доцент, “Ыйман сабагынын” авторлорунун бири М.М.Калманбетовдор окушат.

Ачык лекциялар Талас мамлекеттик университетинин башкы имаратындагы жыйын залда 31-мартта саат 10.00дө башталат.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*