Алтын апам – менин күнүм

7-мартта мектепке чейин билим берүү адистигинин 1-курсунун КДО-1-16 тайпасынын студенттери “Алтын апам – менин күнүм”  деген аталышта  концерттик программа тартуулашты. Бул иш-чара аталган тайпанын куратору А.Ж.Шакиеванын жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Студенттер эне жөнүндө слайд-шоу көрсөтүшүп, ырлардан көркөм окушуп, сахналаштырылган көрүнүш аткарышып, эстрадалык ырларды ырдашып, бийлерди тартуулашты. Концерттик программага аталган тайпадагы  студенттердин энелери, чоң энелери келип катышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *