Ак жол сага бүтүрүүчү

ТалМУнун гуманитардык факультетинин бүтүрүүчүлөрүн “Ак жол сага, бүтүрүүчү!” аттуу кечеси өткөрүлдү. Мыкты бүтүрүүчүлөр университеттин жана факультеттин грамоталары менен сыйланып, өз  куттуктоолорун университеттин ректору А.Ш.Упенов, проректор С.Жумалиев, декандар Ж.Абдиева менен И.Абдырахманов, аксакалдар кенешинин төрагасы К.Кыдыралиев, көркөм-маданий борбордун жетекчиси У.Эсенаманов жана кафедра башчылары Г.Дуйшеева, Г.Сатаева, Т.Айталиева, доцент М.Жусуповалар айтышып, ак жол каалашты. Факультеттин кийинки курстарынын студенттери тарабынан атайын даярдалган концерттик номерлер тартууланып, гулдестелер, белектер берилди.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*