Ак жол сага бүтүрүүчү

Талас мамлекеттик университетинин   табият таануу жана педагогика факультетинин 4-курстарынын  бүтүрүү кечеси   ТалМУнун башкы имаратынын жыйындар залында болду.  ТТПФнын  деканы   У.Ж. Мырзабекова бүтүрүүчүлөргө  жылуу сөздөрдү   айтуу менен  аларга  ийгилик каалап майрамдык салтанатты ачып берди жана ТалМУнун окуу илимий иштер боюнча проректору М.С.Тургунбаев мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор С.С.Жумалиев бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашып, сабакта эң алдыңкы баага татыктуу болгон студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.   Бул майрамдык кечени факультетибиздин таланттуу студенттери шаңга бөлөп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

1 Comment

  1. Ак жол бутуруучулор.Абдан жакшы иш чара откорулгон экен.Факультеттин ишине албан ийгиликтерди каалайм.

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*