Аалам көркү – аялзат

8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата “Аалам көркү – аялзат” аттуу салтанаттуу иш-чара Талас мамлекеттик университетинде уюштурулду. Айымдарга гүл сунулуп, ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов университеттин эжекелерин майрамы менен куттуктап, аялзатынын коомдогу ролун баса белгиледи. Мырзалар тарабынан айымдарга арналып даярдалган концерттик программа тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*